Жарнама үчүн орун 1200x100 px

Казакстандын элчилигинин алдында митинг өтөт

0

Эртең, 1-ноябрь күнү Кыргызстандагы Казакстандын элчилигинин алдында тынчтык митинги өтөт. Бул тууралуу биздин редакцияга мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун кабарлады.

Анын айтымында эртеңки тынчтык митингинде казак тараптан чек араны ачуу талабын коюлат. "Эгерде, 5-ноябрга чейин чек ара маселеси чечилбей турган болсо, анда биз жаңы президентке ЕАЭСтен чыгуу талабын коебуз", - деди Турсунбек Акун.

Эске салсак, 11-октябрдан тарта кыргыз-казак чек арасында унаа тыгыны пайда болгон. Казак тарап фитосанитардык көзөмөлдүн күчөгөндүгүн себеп кылып, Кыргызстандан өткөн унааларды катуу текшерүүгө ала баштаган.

Андан бери бир топ күн өтсө да, чек ара маселеси толугу менен чечиле элек.

URL: http://kyr.bulak.kg/show/872
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники