Жарнама үчүн орун 1200x100 px

БШКга Текебаевди мандатынан ажыратуу боюнча кат келди

0

Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Өмүрбек Текебаевди мандатынан ажыратуу боюнча Боршайкомго ЖК депутатынан арыз келип түштү. Бул тууралуу БШКдан кабарлашты.

Маалыматка таянсак, БШКга ЖК төрагасы Дастан Жумабековдун колу коюлган кат келип түштү.

Эске салсак, Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов орус жаранынан ири суммадагы пара алган деп айыпталып, 8 жылдан эркинен ажыратылган. Соттун чечиминде алардын үй-мүлкүн мамлекеттин карамагына өткөрүү да каралган.

Текебаевдин жактоочусу Чынара Жакупбекова шаардык соттун чечимине нааразы болуп, Жогорку Сотко кайрылган.

Эгерде, Текебаев мандатынан ажыратылса, анын ордуна тизме боюнча Искендер Гаипкулов келет.

 

URL: http://kyr.bulak.kg/show/906
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники