Тез жаңылыктар:

"Бул күндөр" экстремисттик китеп деп табылды

0

Өзбекстанда Басма сөз жана маалымат агенттиги жазуучу Нурилло Отахановдун “Бул күндөр” китебин азыркы конституциялык түзүмгө каршы багытталган чыгармалардын катарына кошту.

Нурилло Отахановдун “Бул күндөр” китеби ушуну менен экинчи жолу экспертизадан өткөрүлдү. Буга чейин Дин иштери боюнча комитет чыгарманы “экстремисттик” деп тапкан. Нурилло Отаханов 1-октябрда камактан чыккандан бери кайра аны суракка чакырыша электигин маалымдады. Жазуучунун айтымында, эки апта мурун анын паспортун кайтарып беришкен:

‒ Мындан кийин мен Фергена өрөөнүн ээн-эркин кыдыра баштадым. Паспортумду беришкенде, китебимдин экспертизага жөнөтүлгөнүн айтышкан. Биринчи жолкусунда китепте бийликти төңкөрүү чакырыктары камтылган деген бүтүм чыккан. Ташкентте жүргөнүм менен эч ким мени суракка чакыра элек, ‒ деди Нурилло Отаханов.

Өзбекстандын Басма сөз жана маалымат агенттигинин үч өкүлү китепти бир нече жолу талкуулашканын ырастап, бирок анын "экстремисттик" деп табылганы тууралуу ачык билдирүү жасашкан жок.

63 жаштагы жазуучу Нурилло Отаханов эки жыл Түркияда жашап, 27-сентябрда Ташкенттин эл аралык аэропортунда кармалган.

Анын Түркияда басылып чыккан “Бул күндөр” китебинде Ислам Каримовдун тушундагы Өзбекстандын өнүгүү жолу сынга алынган. Расмий Ташкент бул чыгарманы Өзбекстандагы тыюу салынган адабияттардын катарына кошкон.

URL: http://kyr.bulak.kg/show/944
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники