Жарнама үчүн орун 1200x100 px

Ошто үйдүн дубалы кулап, 2 кишини басып калды

0

Ошто турак үйдүн дубалы кулап 2 адам каза болуп, 1 адам жеңил жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Ош шаарында 2017-жылдын 2-ноябры күнү алдын ала алынган маалымат боюнча Памир көчөсүндө жайгашкан №65 турак үйдүн дубалы кулап, 3 адамды басып калган. Жерине саат 12:12де КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынын башчысы полковник Нурлан Баймуратовдун жетекчилигинде КР ӨКМнин Ош шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары барышкан. Алдын ала алынган маалымат боюнча кырсыктын кесепетинен 2 адам каза болуп, 1 адам жеңил жаракат алган. Кырсыктын себеби жана каза болгондор менен жабыркагандын аты-жөндөрү такталууда.

 

URL: http://kyr.bulak.kg/show/951
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники