Жарнама үчүн орун 1200x100 px

Ташкентте кыргыз казак премьер-министрлери кайым айтышты

0

Кыргызстан менен Казакстандын премьер-министрлери Ташкентте өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн премьер-министрлеринин жыйынында кайым айтышты.

Сапар Исаков кесиптештерине кыргыз-казак чек арасындагы көйгөйлөр тууралуу айтты.

"Кыргызстан КМШ өлкөлөрүндөгү эркин соода жүгүртүү боюнча протоколду ратификациядан өткөрдү. Өзүнө жүктөлгөн бардык милдеттерин аткарды, бирок эркин соода жүгүртүү болуп жатат деп айтуу кыйын. Анткени, кээ бирөөлөр өз милдеттерин аткарбай жатат, кыргыз-казак чек арасында бул маселе чечилбей турат", - деди Исаков.

Сапар Исаков Казакстан атайын кысым көргөзүп жатканын кошумчалады.

"Казакстан унаалар менен жүктөрдүн өтүүсүнө жасалма бөгөт коюп жатат. Унаалар 5 күнгө чейин текшерүүдөн өтүүдө. Ар кандай шылтоолорду айтып жатышат, айыл-чарба товарларын контарбандалык товар деп айтууга болобу?", - деп суроо салды премьер-министр.

Ал 20 күндөн ашуун убакыттан бери үчүнчү өлкөлөрдүн унаалары да кыйналып жатканын айтып, Кыргызстан ЕАЭСке кайрылаарын билдирди.

 

 

Бакытжан Сагинтаев бул маселеге токтолбоюн дегенин, бирок аргасыздан ИСаковго жооп берүү керектигин белгиледи.

"Бул туура эмес билдирүү, биздин позициябыз ЕАЭСтин бардык нормаларына туура келет. Кыргызстан салык боюнча мыйзамдарын ЕАЭСке дал келчүдөй кылып тартипке келтириши зарыл.

Биз сүйлөшүүгө жана фитосанитария, ветеринария жаатында жана чек ара көзөмөлүндө бирге иштөөгө даярбыз. Биздин максатыбыз стабилдүү өнүккөн союзду куруу", - деди.

 

URL: http://kyr.bulak.kg/show/973
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники