Жарнама үчүн орун 1200x100 px

Ош шаардык кеңеши журналисттерди кесиптик майрамы менен куттуктады

0

Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов Кыргыз Республикасынын Маалымат жана басма сөз күнүнө карата жигердүү эмгектенген чыгаан журналистерди шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан куттуктады.

Куттуктоо сөзүндө өлкөбүздүн эркин, демократиялуу жана ачык болуп, күчтүү жарандык коомдун калыптанышында журналисттердин ролу зор экендигин баса белгилеп, чыныгы профессионалдуулук менен саясий күчтөрдүн куралы болбой акыйкаттуу болууга үндөдү.
Кесиптик майрамга карата жергиликтүү теле каналдарда жана редакцияларда өзгөчө аракети менен таанылган журналистерге Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамоталары жана баалуу белектери тапшырылды.

URL: http://kyr.bulak.kg/show/978
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники