Жарнама үчүн орун 1200x100 px

WhatsApp тиркемеси бүткүл дүйнөдө бир нече саат иштебей калды

0

Бүгүн, Кыргызстанда WhatsApp тиркемеси бир нече убакытка иштебей калды. Интернет иштебей жатат деп билдирүү келген, бирок интернет иштеп турган. Андан сырткары аталган тиркеменин Веб‐версиясы да иштеген жок.

Көрсө, аталган тиркеме бир эле Кыргызстанда эмес, бүткүл дүйнө жүзүндө иштебей калыптыр.

Чет элдик басылмаларын жазганына таянсак, саат 11:00 чамасынан баштап WhatsApp иштебей калган.

WhatsApp компаниясынын жетекчилиги кемчиликтер болгонун айтып, аны тез арада түзөтүшкөнүн Daily Star агенттигине кабарлаган.

 

URL: http://kyr.bulak.kg/show/985
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники