Улуттук университетте онлайн окутуу жолго коюлду

0

Кыргыз Улуттук Университетинде “Экономикалык изилдөө борбору” ачылды. Бул тууралуу аталган окуу жайдын ректору Канат Садыков Түркиядан келген студенттер менен жолугушууcунда билдирди.

Ректордун айтымында аталган борбор студенттердин окуусун жеңилдетүү жана заманбап шарттарда билим алуусуна мүмкүнчүлүк түзүү үчүн ишке ашырылган. Борборду Түркиянын Түрк кызматташтык жана координация агенттиги толугу менен каржылаган.

Кыргыз Улуттук Университеттин ректору Канат Садыков: “Түрк туугандарыбыз биздин университетке Экономикалык изилдөө борборун куруп берди. Бул жердеги жабдыктар, техникалар баары Түркиядан алынып келинген. Борбор толугу менен интернетке туташтырылган. Студенттердин онлайн иштөөсүнө толук шарт түзүлдү. Эмеректер да жаңыланып, изилдөө борбору оңдоп түзөөдөн өттү”,-деди.

Аталган борбордо аймактарда өтүлүүчү жыйындарды онлайн өткөрүү, конференция, дипломдук иш жактоодо жана ар кандай иш – чараларды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Экономикалык изилдөө борборун куруу 2019-жылдын апрель айында башталган. Эки айда толук жасалып бүткөн. Борбор ишке берүүгө даяр. Бирок расмий ачылуу сентябрда айында.

ТҮРКИЯЛЫК СТУДЕНТТЕР АЙТМАТОВ БОРБОРУ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Түркиялык студенттер Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада ачылган Чыңгыз Айтматов атындагы кыргыз-түрк маданият борбору менен таанышты. Конокторду Улуттук китепканадан кыргызстандык студенттер тосуп алды.

Түркиянын "Тажрыйба алмашуу программасынын” алкагында Стамбул, Анкара, Бурса, Конья, Эрзурум жана Элазыг шаарларындагы университеттерде саясат билими, эл аралык мамилелер, коммуникация багыты боюнча окуган 15 чакты студент Кыргызстанга келди.

Түркиялык студенттер Улуттук китепканын ишмердүүлүгү менен таанышып, окуу залдарын көрүп чыкты. Коноктор китепкананын үчүнчү кабатында жайгашкан Чыңгыз Айтматов атындагы кыргыз-түрк маданият борборунда чогулуп, эки элдин достугу, дипломатиялык мамилелер жана мамлекеттик денгээлдеги кызматашуу жаатында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат алышты. Студенттерге Түркиянын Бишкектеги Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттигинин (ТИКА) жетекчиси Али Муслу Түркия менен Кыргызстан ортосундагы достук жана кызматташтык негизинде жасалып жаткан иштер жана түрк элинин кыргыз элине көрсөткөн кайтарымсыз жардамдары жөнүндө айтып берди.

Жыйынтыгында конокторго Түркиянын Кыргызстан үчүн жасаган иштери анын ичинен ТИКАнын долбоору менен таанышмай болду. Мындан тышкары мамлекеттик кызматкерлер менен таанышуу, Кыргызстандагы телеканалдар жана гезиттерди зыярат кылуу, маданий иш-чаралар уюштуруу пландаштырылды.

Түрк студенттерине Кыргызстанды таанытуу Медиа жана Маданият коомдук бирикмеси Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттигинин (ТИКА) "Тажрыйба алмашуу программасынын" алкагында уюштурулду. Жыл сайын түрк студенттерди башка өлкөлөргө тажрыйба алмашуу үчүн жиберет. Быйыл үчүнчүсү уюштурулуп жаткан программанын алкагында 500 дөн ашык түрк студент 36 өлкөгө жиберилди. Алар барган өлкөлөрүнүн маданияты, табияты, меймандостугу менен таанышат.

ООЗУБУЗ АЧЫЛДЫ!. ТАРЫХ МУЗЕЙИН КЫДЫРГАН ТҮРК СТУДЕНТТЕРИНИН ЭМОЦИЯСЫ

Түркиялык студенттер жаңыланган Улуттук тарых музейи менен таанышты. Музейдин тышкы жасалгасы жана ремонторун көргөн студенттер оңдо иштери Түркиядагы мамлекеттик имараттардан мыкты жасалганын билдирди.

Алардын айтымында, музейдин айланасына төшөлгөн таштар, Түркияда кымбат тураарын мындай мраморлар өкмөттүк маанидеги имараттарга гана колдонулат.

Тарых музейинин ондоо иштеринин башында турган Түрк Кызматташтык жана координация агенттигинин жетекчиси Али Муслу стунденттерге ремонт иштеринин жүрүүшүү жана келишимдердин негизги маанисин түшүндүрдү.

Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттигинин жетекчиси Али Муслу:“Бул долбоор 2016-жылы ишке ашырылган. Биз сыртын, музейдин тегерегин гана ремонттон чыгарып бердик. Жалпысынан 4 млн. 200 миң доллар каражат жумшалды. Аянты болсо 9600 чарчы метрди түзөт. Бул иштер эки элдин ынтымагын, достугун бекемдөө үчүн жасалган баса белгилеп кетким келет”

Кошумчалай кетсек, Тарых музейин оңдоо тууралуу келишимге 2012-жылы Түркиянын Кыргызстанда болгон мамлекеттик сапарында кол коюлган. Ремон иштерин Түрк кызматташтык жана координация агенттиги жасаган.

Эске салсак, Түркиялык 15 чакты студент учурда Кыргызстандын маданий жерлерин кыдырып жүрөт. Түрк студенттерине Кыргызстанды таанытуу Медиа жана Маданият коомдук бирикмеси Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттигинин (ТИКА) "Тажрыйба алмашуу программасынын" алкагында уюштурулду. Жыл сайын түрк студенттерди башка өлкөлөргө тажрыйба алмашуу үчүн жиберет. Быйыл үчүнчүсү уюштурулуп жаткан программанын алкагында 500 дөн ашык түрк студент 36 өлкөгө жиберилди. Алар барган өлкөлөрүнүн маданияты, табияты, меймандостугу менен таанышат.

ЭЛЧИ ЖЕНГИЗ ФИРАТ: ФЕТОчуларды МУУНТКАНГА АРАКЕТ КЫЛЫП ЖАТАБЫЗ

Кыргызстандагы ФЕТО (Фетхуллах Гүлендин террордук уюму) уюмун муунтканга аракет кылып жатабыз. Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Каамил Фират Түркиядан тажрыйба алмашуу үчүн Бишкекке келген түрк студенттери менен жолугушуусунда билдирди.

Элчинин айтымында, Түркия ФЕТО уюмунун жок кылуу үчүн Кыргызстанга кандай жардам керек болсо даяр.

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Каамил Фират:“ФЕТОнун Түркияда бийликти алууга болгон аракеттерин көрдүңүздөр. Биз Кыргызстанда да ушундай абал кайталануусун каалабайбыз. Ошондуктан ФЕТОну жок кылуу үчүн Кыргызстанга кандай жардам керек болсо даярбыз. Алардын “Сапат” лицейлеринин ордуна “Маариф” фондунун лицейлери иштеп баштайт. Аталган фонддон бул багытта башка жардамдар да берилет. Кыргызстан террордук уюмду эмес, Түркиянын мыйзамдуу бийлигин тандоосу үчүн болгон аракеттибизди көрүп жатабыз”

Эске салсак, Түркиялык 15 чакты студент учурда Кыргызстандын маданий жерлерин кыдырып жүрөт. Түрк студенттерине Кыргызстанды таанытуу Медиа жана Маданият коомдук бирикмеси Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттигинин (ТИКА) "Тажрыйба алмашуу программасынын" алкагында уюштурулду. Жыл сайын түрк студенттерди башка өлкөлөргө тажрыйба алмашуу үчүн жиберет. Быйыл үчүнчүсү уюштурулуп жаткан программанын алкагында 500 дөн ашык түрк студент 36 өлкөгө жиберилди. Алар барган өлкөлөрүнүн маданияты, табияты, меймандостугу менен таанышат.

ИШКЕР АЙЫМБАЧАЕВА: ТИЛЕГИМДИ ТИКА ОРУНДАТТЫ

ТИКА уюму тарабынан уюштурулган Аял ишкерлерди колдоо долбоорунун жеңүүчүсү Айымбачаева Махабат учурда чакан тигүү цехин иштетет. Ал долбоорду жеңгендиктен Түркия тарап аны колдоо үчүн 9 тигүү машинасын алып берген. Бул тууралуу “Тажрыйба алмашуу – 2019” иш чарасынын алкагында сөз болуп, эки элдин студенттери жана медиа өкүлдөрү таанышышты. Тигүү машиналарынан сырткары ТИКА тарап ишкер айымды кийим үтүктөөчү апарат менен дагы камсыздаган. Махабат Айымбачаева бул колдоо ага чоң стимул берип, ишкерликти улантууга шыктандырганын айтат: “Учурда чакан цехте 9 кыз иштейт. Үйдөн иштегендер, ишканада иштеген жумушчулар дагы бар. Мен бул тармакта ишмердүүлүгүмдү улантып, ишкананы дагы чоң кылып кеңейтүүнү пландап жатам. Бизге колдоо көрсөткөн ТИКА уюмуна рахмат”, - деди ишкер айым.

АУТИСТ БАЛДАР КУЛИНАРИЯ БИЗНЕСИН ЖҮРГҮЗӨТ

Эки өлкөнүн ортосундагы тажрыйба алмашуу программасынын катышуучулары, ТИКА агенттиги ачып берген Coolинария ашканасына барып, ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул жерде көп балалуу айымдар жана аутизм дартына чалдыккан 15 жаштан жогорку балдар иштешет. Алар жуманын үч күнүндө 2 сааттан иштешип, адамдар менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Ишкананын башчысы Аида Мамбеталиеванын айтымында тамак аш сырларын үйрөнүп жаткан балдар ар кандай жумуштарга жөндөмдүү келип, бардык ишти кунт коюп кылдаттык менен аткарышат. Ал окуучулары тууралуу: “ Окуучуларымдын алдыңкылары учурда Фрунзе ресторанында иштеп жатат. Бул албетте бизге сыймык. ТИКА агенттигине рахмат”, - деди Аида Мамбеталиева.

Органдарды алмаштыруу эми Кыргызстанда мүмкүн

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Кыргызстан чет өлкөлөр менен байланышуу бөлүмүнүн жетекчиси Осмон Масалиев “Тажрыйба алмашуу программасынын” алкагында өткөрүлгөн жолугушууда билдирди.

Иш чара Түрк кызматташтык координациялык агенттигинин колдоосунда курулган заманбап Кыргыз-Түрк достук мамлекеттик ооруканасында өткөрүлдү. Оорукана кыргыз тараптын сурануусу менен Тика уюму тарабынан каржыланып курулду. Органдарды алмаштыруу ооруканасы кыргызстандагы жаңы, заманбап жабдуулар менен жабдылган алгачкы ири бейтапкана болуп эсептелет. Оорукананын аянты 12.000 чарчы метрди камтыйт. Органдарды алмаштыруу ооруканасында 2 операция жасоо бөлүмү, 3 тынымсыз сактоо бөлүмү жана бейтаптар үчүн заманбап керебеттер орун алган. Жалпы 71 керебет менен жабдылган.

ТИКАнын Бишкек координациялык агенттигинин жетекчиси Али Муслу: “Оорукана түрк элинен кыргыз элине берилген белек”, - деди “Тажрыйба алмашуу программасынын” алкагында өткөн жолугушууда.

Кыргыз-Түрк достук мамлекеттик ооруканасы менен Түркиядан келген студенттер, кыргыз студенттери жана медиа өкүлдөрү таанышып, кенен маалымат алышты. Буга чейин кыргыз жарандары органдарын алмаштыруу үчүн чет мамлекеттерге барышса, эми Бишкете алмаштыруу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Түркиядан келген врачтар кыргыз медицина кызматкерлерине тажрыйбалары менен бөлүшүп тиешелүү билимдерди үйрөтүшөт. Ал эми ооруканага иштөө үчүн дарыгерлерди тартууда жаштарга өзгөчө көңүл бурулуп, аларга көп орундар берилет. Жаңы доордо, заманбап технологияны өздөштүргөн дарыгерлерге басым коюуларын адистер баса белгилешти. Оорукана жакында толук бүтүп, колдонууга берилет.

URL: https://kyr.bulak.kg/show/10002