Ноябрдын соңунда жаңы акча бирдиги чыгат

0

Кыргызстандын улуттук банкы ноябрь айынын соңунда 2000 сомдук жаңы банкнот чыгарат. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Маалыматка таянсак, жаңы акча бирдиги Кыргызстандын 25 жылдык мааракесине карата чыгарылат. Азырынча жаңы акча бирдигине кандай сүрөт түшүрүлөөрү белгисиз, бирок жаңы акча саналуу гана өлчөмдө чыгат.

Жаңы акча бирдигине Толкунбек Абдыгулов же Кубанычбек Кулматов кол коюшу мүмкүн. Акыркы чечимди азыркы жетекчи Кулматов кабыл алат.

Учурда Кыргызстанда 1, 3, 5 10, 20, 50, 100, 200, 500, 1000, 5000 сомдук акча бирдиктери жүгүртүүдө бар. 

URL: https://kyr.bulak.kg/show/1065