ЖКда 31 депутат отурса, каттоодон 91 депутат өттү

0

Бүгүн, Жогорку Кеңеште депутаттар бир нече мыйзам долбоорлоруна добуш бериши керек. Бирок, факт жүзүндө 31 депутат отурганы менен 91 депутат каттоодон өттү. Парламентте жалпы 120 депутат бар.

Жыйынды алып барып жаткан төраганын орун басары Асель Кодуранова аппаратка депутаттарды чакырууну тапшырды. Бирок бир нече гана депутат жыйындар залына кирди. Адатка айланып калгандай эле, залда отурган депутаттар жыйынга катышпагандардын ордуна добуш берип жатышат.

URL: https://kyr.bulak.kg/show/1160