Ырчы Айым Айылчиева айдоочуларды сак болууга чакырды

0

Бүгүн, Скрябин атындагы Агрардык университетте жол кырсыктарынан каза болгондорго байланыштуу акция болуп өттү. Ага катышкан патрулдук милиция башкармалыгынын жетекчисинин орун басары жол кырсыктарын азайтууга колдон келген аракеттерди көрүп жатканын айтты.

"Жол кырсыктарынын 82%ы айдоочулардын күнөөсүнүн айынан болуп жатат. Анын ичинде 33% жол кырсыгы ылдамдыкты ашыруудан болот. Карама-каршы тилкеге чыгып кеткендиктин айынан 9% жол кырсыгы катталган", - деди ал.

URL: https://kyr.bulak.kg/show/1163