Бишкекте 41 жаштагы киши тоноочулукка шектүү катары кармалды

0

Ленин райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан тоноочулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка таянсак, шаар тургуну милицияга арыз менен кайрылып, 13-ноябрь күнү 10:30 чамасында Кулиев көчөсүнөн мас абалындагы белгисиз киши күмүш шакегин жана  жеке буюмдарын алып кеткенин айткан.

Кылмыштын изи сууй электе Ленин райондук ИИБи тарабынан 41 жаштагы УУ.М кармалган. Ал тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилип, тергөө амалдары жүрүүдө.

URL: https://kyr.bulak.kg/show/1167