19 жаштагы бала уурулук кылып кармалды

0

Ленин РИИБинин кызматкерлери уурулукка шектүү жаранды колго түшүрүштү. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка таянсак, шаар тургуну милицияга арыз менен кайрылып, 13-ноябрь күнү  үйүнө белгисиз бирөөлөр терезе аркылуу кирип, 2 телефон жана компьютерин уурдап кеткенин айткан.

Арыз ээсинин айтымында ага жалпы суммасы 23500 сомдук зыян келген.
Кылмыштын изи сууй электе милиция кызматкерлери 19 жаштагы Баткен облусунун Б.М аттуу тургунун колго түшүргөн.
Бул факт боюнча 164-беренеси (уурулук) боюнча кылмыш иши козголду. Азыркы тапта бул боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

URL: https://kyr.bulak.kg/show/1171