Ошто башаламан соода кылгандар, авто тыгындарды жоюу боюнча рейд өтүүдө

0

Бүгүн, 15-ноябрда Ош шаарынынын Ленин көчөсүнүн Тешик-Таш базарынын айланасында, Масалиев жана А.Навои көчөлөрүнүн кесилишинде башаламан соода сатыктарды, авто унаа тыгындарын, мыйзамсыз курулуштарды жоюу боюнча атайын рейд өтүүдө.

Анын негизинде, белгиленбеген жерлерде жайма такталарда, авто унааларда соода сатык жүргүзүп жаткан 500дөн ашуун сатуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, борбордук базарга жайгаштырылды.

Ошондой эле, мыйзамсыз орнотулган бир нече соода түйүндөр сүрдүрүлүп, санитардык тазалоо иштери жүрдү.
Мындан сырткары, Масалиев жана А.Навои көчөлөрүнүн кесилишинде, Пекин мейманканасынын алдында Бишкек, Баткен, Жалал-Абад жана башка багыттагы каттамдардын айдоочуларына авто бекет аркылуу ишмердүүлүгүн жүргүзүү боюнча түшүндүрмөлөр берилип, тиешелүү чаралар көрүлдү.

Айта кетсек, рейд атайын бекитилген иш-чаранын негизинде Ош шаарынын мэриясынын, Ош ШИИБнын кызматкерлери жана тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү тарабынан жүргүзүлүүдө.

URL: https://kyr.bulak.kg/show/1172