Ноокен районунун Шыңгыма айылында сарай өрттөнгөн

0

2017-жыдын 14-ноябры күнү саат 16:03 чамасында Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Шайдан айыл аймагынын Тоскоол-Ата токой чарбасына караштуу Шыңгыма тилкесинде балдардын от менен болгон шоктугунан сарайда өрт чыгып, натыйжасында 64 чарчы метр жыгач устундуу шифер жабылган сарай, 100 боо жүгөрү бакалы, 500 түк беде, 3 куб отун күйгөн.

URL: https://kyr.bulak.kg/show/1174