Аксыда кайненеси менен келинин өлтүрүп кетишкен

0

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Авлетим айыл аймагынын Коргон айылында 14-ноябрь күнү адам өлтүрүү фактысы орун алды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка таянсак, аталган айылда кайненеси менен келинин өлтүрүп кетишкен. Бул факт боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жана ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. 

Азырынча бул кылмышка шектүүлөр кармала элек.

URL: https://kyr.bulak.kg/show/1175