Шамбет Кубатбековдун кармалышы Таластагы митинге тешеси жок

0

Шамбет Кубатбековдун милиция тарабынан кармалышынын Талас шаарында өткөн Бабановду колдоо митингине эч кандай тиешеси жок. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Массалык маалымат каражаттарында Таластагы митингди уюштурган деп Шамбет Кубатбековду милиция кармап кетти деген маалымат тарап жатат. Ага байланыштуу, ИИМ официалдуу түрдө Шамбет Кубатбековдун кармалышынын митингге эч кандай тиешеси жок экенин билдирет.

Анын кармалуусунун негизги себеби, бюджеттик каражатты негизсиз колдонгон. Мындай бүтүм Эсептөө палатасынын текшерүүсүнөн кийин чыккан. Ага карата Кылмыш жаза кодексинин 308-беренеси менен кылмыш иши козголуп, ал Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

URL: https://kyr.bulak.kg/show/1178