Орусия-Кыргыз ѳнүктүрүү фондунан насыяны кантип алса болот?

0

Орусия-Кыргыз ѳнүктүрүү фондунан насыяны кантип алса болот?

Орусия-Кыргыз ѳнүктүрүү фондусу (ОКѲФ) Кыргызстандын экономикасын модернизациялап, ѳнүктүрүү үчүн түзүлгѳн. Фонду бир нече жылдан бери экономиканын ар түрдүү тармактарында эмгектенген жергиликтүү ишкерлерге ѳнүгүү жана кеңейүү үчүн жеңилдетилген насыяларын берип келет. Уюм иштей баштагандан бери жалпы жолунан 400 миллион доллардан ашуун насыя берилген. Жакында пандемия менен күрѳшүүгѳ багытталган кризиске каршы насыя продуктусу ишке киргизилди, бул жеке коргонуу каражаттары, медициналык шаймандар жана дары-дармек жасоо үчүн чийки зат сатып алууга багытталган жеңилдетилген каржылоо. Фондудан насыяны кантип алса болот, документтерди чогултууда эмнеге кѳңүл буруу керектигин Насыя-инвестициялык ишмердүүлүк департаментинин жетекчисинин милдетин аткаруучу Нурбек Абдымамбетов бизге берген интервьюсунда баяндап берди.

Насыяны иштеп жаткан ишкерлер да, ѳз ѳндүрүшүн жаңы баштагандар да алса болот. Фондуда бизнести каржылоо үчүн эки багыт бар – тикелей жана коммерциялык банктар аркылуу каржылоо. Бир гана айырмачылыгы – насыянын ѳлчѳмү.

«Сиз ишкер болсоңуз, биринчи кезекте насыяңыздын максатын түшүнүп, керектүү сумманы аныктап алууңуз керек, – дейт Нурбек Абдымамбетов. – Миллион долларга чейинки насыны ОКѲФ багыты боюнча коммерциялык банктар аркылуу алса болот. Миллиондон ашуун болсо – фонду аркылуу тикелей каржыланат. Мында миллион – Бишкекте жана Чүй облусунун жакын жайганшкан райондорунда ишке ашырыла турган долбоорлорду каржылоонун ирегеси. Калган аймактар үчүн тикелей каржылоонун эң аз суммасы 200 миң доллардан башталат, Нарын, Баткен жана Талас облустары үчүн – 100 миң доллардан тартып берилет».

Насыяны коммерциялык банктар аркылуу кантип алса болот

Пайыздык туум: доллар менен жылына 5-7 пайыз менен (максатына жараша), сом менен – 9 пайздан 10 пайызга чейин.

Мѳѳнѳтү: насыянын негизги суммасын тѳгүүгѳ берилген жеңилдетилген 24 айга чейинки убакытты кошкондо 5 жылдан 7 жылга чейин.

Сумма: бир миллион долларга чейин.

«Мындай насыялар биз үчүн маанилүү болгон облустарда иштеп жаткан бизнести модернизациялоо үчүн берилет. Биз банктарга насыя беребиз, а алар болсо кичи жана орто бизнеске берет. Албетте, бизде акыркы керектѳѳчүгѳ берилүүчү пайыздык туумдарга талаптарыбыз бар – коммерциялык банктар ѳзүнүн алымдарын же комиссиясын кошо албай, алар белгилүү бир пайыздык туумду орнотушу керек», – дейт ОКѲФ ѳкүлү.

Мындай насыя алуу үчүн ОКѲФ ѳнѳктѳш банктарынын бирине тикелей кайрылуу керек. Банктардын насыя алуу процедуралары бири-биринен айырмаланып турушу ыктымал. Ошондой болсо да, насыя алууга кайрылып, аны алганга чейин 1-2 ай ѳтүшү мүмкүн.

Тике каржылоону кантип алса болот

Фонду экономиканын ар түрдүү тармактарын камтып, каржылоонун суммасы ар башка болгон бир нече насыя продуктусун сунуштайт. Ал продуктулар «Негизги», «Базалык» жана «Базалык плюс» деп аталат, мындан тышкары сүт, эт, жер-жемиш багыты жана форель баккан кластерлерди ѳнүктүрүү боюнча да насыялык продуктулар бар. Пайыздык туум шарттары да ар бир продуктуда айырмаланып, доллар менен жылына 4 пайыздан башталып, сом менен 8 пайызды түзѳт. Маселен, «Негизги» эң маанилүү тармактарды камтыйт – айыл-чарбачылыгы, кайта иштетүү ѳндүрүшү, жеңил ѳнѳр жайы. «Базалык плюс» – билим берүү, соода, тоо кен жана темир иштетүү ѳнѳр жайларынын инфраструктурасы. Ал эми «Базалык» – Бишкектеги туризм тармагын жакшыртууга багытталган.

Тике каржыланууда ишкер фондунун ѳзүнѳ кайрылып, документтерин топтоп, табыштама жазып, бизнес-планын, башкача айтканда долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдап келиши керек. Документтерди топтоо боюнча суроолоруңуз болсо, фондудан кеп-кеңеш алсаңыз болот.

«Даярдануу этабында биз кандай документтер керек, аларды кантип тариздейт, ТЭН даярдоо үчүн консалтинг компаниясын тандоого жардам беребиз, мындан тышкары кеп-кеңеш алуу үчүн консультанттардын тизмесин беребиз», – дейт Нурбек Абдымамбетов.

Орусия-Кыргыз ѳнүктүрүү фондунда мындан тышкары долбоорлорду коштоп колдоо фондусу иштейт, андагы каражаттар муктаж болгон учурда консультанттарды тартууда техникалык жардам, долбоордун ТЭН даярдап, жана башка максаттар үчүн грант түрүндѳ берилиши мүмкүн.

«Кардар кайсы бир максаты менен келип, ал долбоорун ишке ашыра алаарына ынансак – биз анын тажрыйбасына, учурдагы каржылык абалына карайбыз, бирок анын бизнес-планы жок болсо, биз баары бир анын долбоорун алабыз. Кардар табыштама даярдап, документтерин чогултуп келгенден кийин, концепциясы жактырылгандан кийин биз ТЭН даярдоо боюнча техникалык жардам, долбоорук документтер же долбоорду ишке ашыруу үчүн кеп-кеңеш керек болсо, анын баарын жасатып беребиз», – дейт ОКѲФ ѳкүлү.

Табыштама түшкѳндѳн кийин тике каржылоо боюнча насыя берүү мѳѳнѳтү эки айга жетиши мүмкүн. Бул жерде, комбанктардан айырмаланып, долбоорлор кѳлѳмдүү, кээде татаалыраак, ошондуктан мѳѳнѳтү да узак. Нурбек Абдымамбетовдун айтымында, долбоордун ѳзгѳчѳлүгүнѳ жараша болот, ошондой эле насыя алуу мѳѳнѳтүнѳ ѳз убагында тапшырылган документтер да таасир этет. Адатта, инвестициялык долбоорлор, азык-түлүк тармагындагы долбоорлор же дары-дармек ѳндүрүү долбоорлорун карашыруу кѳп убакыт алат – бул жерде ТЭН даярдоо кѳп убакыт талап кылат, себеби бул техникалык жактан татаал ѳндүрүш.

Жакында тике каржылоо аркылуу да, коммерциялык банктар менен микрокаржылоо уюмдары аркылуу да берилүүчү жаңы насыя продуктусу ишке киргизилди. Бул тѳрт багытты камтыган кластердик насыя продуктусу: сүт, эт, жер-жемиш жана форель багуу. Бул жерде башка продуктулардай эле пайыздык туум жеңилдетилген, мындан тышкары күрѳѳ камсыздоосу боюнча да жеңилдиктер берилет.

Документтерди тариздѳѳ – кѳңүлдү эмнеге бѳлүү керек

Тике каржылоо алуу үчүн үч негизги шарт бар, алардын туура колдонулушуна фондуда ѳзгѳчѳ кѳңүл бурушат.

Биринчиси – бул долбоордун ѳзү, анын техникалык-экономикалык негиздемеси. Аны карап, долбоор фондунун максаттарына жооп береби, жана продукту атаандаштыкка туруштук бере алаарына карашат. Мыкты бизнес-планда эмнелер чагылдырылышы керек?

- Кардар биринчи кезекте рынокту изилдеп чыгышы керек. Продукцияны чыгаруу аздык кылат, аны сатуу керек, ошондуктан рыноктун кѳлѳмүн, анын тышкы жана ички керектѳѳчүлѳрүн иликтеп чыгуу керек.

- Кардар чийки зат алып келүүчү чийки зат базасы. Эгер ал бир булактан алса, чийки затсыз калуу тобокели бар, анда мындай долбоордон баш тартуу керек.

- Продуктунун ѳздүк баасын эспетѳѳ. Эгер продуктунун ѳздүк баасы импорттолуп келген ошондой эле продуктунун баасынан жогору болсо, ал атаандаштыкка туруштук бере албайт, мындай долбоор чоң тобокелдерге дуушар.

ОКѲФ табыштаманы караштырууда ѳзгѳчѳ кѳңүл бѳлгѳн экинчи нерсе, долбоорду ишке ашырып жаткан компаниянын ѳзү.

«Маселен компания сатуу менен алектенет дейли, анан жаңы багыт – ѳндүрүш ачайын деди. Бул анда стартап болуп эсептелинет. Биз ушуга окшош долбоорлорду ишке ашыруудагы компаниянын тажрыйбасына карайбыз. Учурда иштеп жаткан ишканаларды анализдейбиз, алардын каржылык абалына карайбыз, каржылык эсеби, башкаруусу кандай экенин иликтейбиз», – дейт ОКѲФ адиси.

Үчүнчү шарт – күрѳѳ камсыздоосу. Фонду ѳз каражатын тез арада кайтарып алуу шартында гана берет, ошондуктан күрѳѳ камсыздоосу сѳзсүз түрдѳ талап кылынат. Бул жерде шарттар конкреттүү насыя продуктусуна жараша ѳзгѳрүүсү мүмкүн. Стандарттуу талап – күрѳѳнүн наркы насыянын суммасын 120 пайызга жабышы керек. Кластердик продуктулар үчүн бул талаптар жумшартылган.

«Бизден насыя каражатын алуу татаал деле эмес. Компания иштеп, агымдагы кирешеси болуп, күрѳѳсүн камсыздап бере алса, анын долбоору рентабелдүү болсо, насыя алуу мындай учурда оңой эле. Биз мындай насыянын далайын бердик. Стартаптар менен бир аз татаалыраак. Адатта бизге чала даярдалган долбоор, максаты анык эмес жана эптеп жүргүзүлгѳн эсептѳѳлѳр менен келишет. Долбоорду караштыра баштаганда биз суроо берип, насыя алууга келгендер долбоорун толуктап келет. Натыйжада бул кѳп убакытты алып коёт, ошондуктан кардарга насыя алуу кыйындай сезилет. Бул биринчи кезекте кардардын ѳзүнѳ маанилүү, себеби биз ѳз тобокелибиздин жарымын күрѳѳ камсыздоосу менен жабабыз, а кардар долбоорун начар даярдап келсе банкрот болуп калышы мүмкүн. Кардар ѳз долбоорун ишке ашырып, каражаты Кыргызстандын экономикасына түшүп, жаңы иш орундары ачылып, бюджетке салыктар тѳлѳнүп, экономикабыз ошонун аркасынын ѳнүгүп кетүүсү биз үчүн ѳтѳ маанилүү», – деп сѳзүн жыйынтыктады Нурбек Абдымамбетов.

URL: https://kyr.bulak.kg/show/13216