МЫРЗАЕВ: Партиялык системанын баркы жок

Үстүбүздөгү жылдын 4-октябрында партиялык тизме боюнча өткөн шайлоолор оңунан чыкпады.

Биздин өлкөдө саясий институттар катары али калыптана элек, бирок өзүнчө бир коммерциялык уюмдарга айланган партиялар парламентке өтүү үчүн административдик ресурс менен добуштарды массалык сатып алууну колдонушту. Анын натыйжасы катары, шайлоонун жыйынтыктарына макул болбогон миңдеген жарандар митингке чыгып, ал акыры келип калың элдин толкундоосуна айланып, С.Жээнбековдун бийлигин кулатты. БШК шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп таап, президент жана премьер ыйгарым укуктарын тапшырып, бийликке элдик лидерлер келишти. Азыркы тапта элибиз мамлекетибизди өнүгүп-өсүүгө алып келе турган өзгөрүүлөрдү күтүүдө. Өлкөдө жоопкерчиликтүү бийликке болгон талап бышып жетилди. 

Коомдук ишмер Абдымалик Мырзаев конституциялык реформа жүргүзүү боюнча коомдук талапка макул. Эксперт белгилегендей, Кыргызстанга косметикалык реформа эмес, элге башкаруунун жаңы форматын берген терең жана олуттуу өзгөртүүлөр керек.

– Учурдагы Конституцияда элди революциялык кыймыл-аракеттерге түртүп жаткан бомбалар катылганын биз моюнга алышыбыз керек. Азыркы Конституция боюнча бийликте жоопкерчилик жок жана ал эл алдында отчёт бербейт, себеп ушунда. Бийликтин чыныгы ээси эл болуп, бийлик анын алдында жооптуу болушу керек. Бүгүн болсо биз Өмүрбек Текебаев ойлоп таап, парламентаризмдин маңызын бурмалаган парламенттик башкаруу формасына ээ болуп отурабыз. Партиялык система өзүнүн баркын кетирди жана биздин элди бөлүп-жара турган элементке айланды. Партиялык тизме боюнча болгондо, биз толук жоопкерчиликсиздикке ээ болобуз – сурай турган эч ким жок калат! Бүгүнкү күнгө чейин бир да партия өзүнүн шайлоо алдындагы убадаларын аткарган жок. Мен өткөөл мезгилде шайлоолор бир мандаттуу система боюнча гана өтүшү керек деп эсептейм, – деген оюн баса белгилейт коомдук ишмер Абдымалик Мырзаев.

Конституциялык реформа улуттук идеологияга негизделүүгө тийиш экенине ишенет А. Мырзаев. “Конституцияга болгон буйрутманы Кыргызстандын эли өзү бериши керек. Баш мыйзам биринчи кезекте биздин элдин тарыхын, руханий-адептик балуулуктарын жана миң жылдардан бери келаткан түркүктөрүн чагылдырууга тийиш. Биз ата-бабаларыбыз бир кездерде Улуу Кыргыз каганаты деп аталган ири мамлекетти башкаргандарын таанып-билишибиз зарыл. Анда башкаруунун ишенимдүү, демократиялык формасы болгон. Курултай – биздин ата-бабалардын мурасы. Биз муну бүгүн дагы бир жолу изилдеп чыгып, колдонушубуз керек”, – деген сунушун кошумчалайт коомдук ишмер.

Абдымалик Мырзаев курултай системасын киргизүүнү сунуштайт.

“Улуу курултайдын принциптерин жана элементтерин Монголияда, ошол эле өнүккөн өлкөлөр – Швейцарияда, Швецияда, Германияда колдонушууда. Демократиянын жогорку даражасы болуп качан эл мамлекетти, өлкөнү жана бийликти реалдуу түрдө башкара алганы, башын бириктирүүгө мүмкүнчүлүк алып, өзүнүн улуттук баалулуктарын аныктай алганы саналат жана бул жаңы Конституцияда каралууга тийиш. Курултай – бул жыйын эмес, съезд да эмес, так мамлекетти башкаруунун формасы. Ага ар бир айылдан, райондон жана областтан өкүлдөр жөнөтүлүшү керек. Айлык акы албаган, делегаттар болуп саналган бул адамдар Улуу курултайга чогулуп, мамлекеттин жалпы өнүгүүсүнүн стратегиялык планын түзөт. Эгерде биз мыйзам чыгаруу жыйынын кеп кылсак, анда ал жакка мыйзамдарды профессионалдуу түрдө жана сабаттуу жаза ала турган 20-30 мыкты юристтер менен экономисттердин болгону жетиштүү”, – дейт эксперт.

Саясат талдоочу Игорь Шестаков да кесиптештиринин конституциялык реформа жасоо зарылдыгы жөнүндөгү пикирине макул экенин билдирет.

“Реформа жүргөн тээ 2016-жылы мен премьер-министр институтун бекемдөө азыркыдай майнапсыз системада эч нерсе бербейт деп айткан элем. Мисалы, Абылгазиевдин өкмөтүн жалкоо гана сынга алган жок – “COVID-19” таажы илдетин алдын алуу жана аны менен күрөшүү этабы толугу менен үзгүлтүккө учурады. Бирок натыйжада парламенттин 90 пайызы анын отчётун колдоп берди. Эмне үчүн? Анткени, ал Өкмөттү ошол эле депутаттар түзгөн. Бул жең ичинен колдоо болгон. Натыйжада, биз партиялык-парламенттик жамааттык жоопкерсиздик системасына ээ болдук. Башкача айтканда, бүгүнкү күндө партиялардын болгон милдети кандай жолдор менен болсо да, эптеп Жогорку Кеңешке өтүп кетүү болуп калды. Акча бериппи же бербейби, айтор, парламентке өтүп кетүү гана зарыл болуп калды. Анткени, учурдагы Конституцияда алардын жоопкерчилиги таптакыр каралган эмес”, – дейт эксперт.

И. Шестаков белгилегендей, адамдардын башындагы реформа 2020-жылдын июлунда эле болду окшойт. “Мен Садыр Жапаровдун конституциялык реформа анын гана каалоосу эмес экенин айтканына толугу менен кошулам. Анткени, бул бүткул коомчулуктун ою, коомчулуктун талабы жана пикири болууда”, – деп, белгилейт саясат талдоочу.

Анын айтымында, өлкөнүн азыркы өнүгүү этабында бир мандаттуу округдардын пайда болушу да мыйзам ченемдүү көрүнүш. Саясат талдоочу бул жаатта жаңы бийликке пропорционалдык-мажоритардык системаны бүгүнкү күндүн логикасына туура келерин сунуштайт.

Ошондой эле саясат талдоочу премьерлик институтун жоюууну сунуштайт.

“Биз премьер-министр чече турган экономикалык маселелерди Атамбаев, андан кийин Жээнбеков чечкенге аргасыз болушканын көрбөдүкпү. Анда, премьер-министрдин эмне кереги бар? – деген суроо туулат. Мен вице-премьер болушу керек деген сунушка макулмун. Бул тоталитаризм менен авторитаризмге алып келет дегендерге дайыма бир суроону узаткым келет: биздин эмгек мигранттары кандай башкаруу формасы бар өлкөлөргө чыгып кетишүүдө? Президенттик башкаруу формасы бар Россияга, Казакстанга, АКШга кетип жатышат. Анткени, адамдарга ал жактагы бийлик түшүнүктүү. Ал эми президентти көзөмөлдөө үчүн парламент бар жана толук кандуу сот системасын түзүү керек”, – деп белгилейт ал.

URL: https://kyr.bulak.kg/show/13883