Саясий оюндарга корогон парламенттик башкаруу

2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин Кыргызстан КМШ аймагында биринчилерден болуп парламенттик башкарууга өткөн. Бирок мамлекеттин башкаруу формасын өзгөртүү ак чапанды кара чапанга алмаштырып кийип алгандай оңой-олтоң иш эмес экендигин турмуш чындыгы ушул 10 жыл ичинде ашыгы менен далилдеп койду.

10 жыл бою парламенттик өлкөдө жашайбыз деп төш каккылаганыбыз менен иш жүзүндө Кыргызстандагы бардык маселени ким чеччү эле? Башкы бийлик органыбыз болгон парламент кимдин каалоосу менен түзүлүп, кимдин батасы менен депутаттар шайланып келди эле? Албетте, президенттин!

Аты парламенттик болгону менен заты супер президенттик бийлик өкүм сүрдү го!? Же тигиндей эмес, же мындай эмес жоопкерчиликти эч ким мойнуна албаган, башаламан система Кыргызстанды азыркы кыйын кырдаалга алып келди. 2010-жылдан бери ушу күнгө чейин 10дой Өкмөт башчы алмашты. Ар жыл сайын Өкмөттүн курамы өзгөрө берип, жогорку даражалуу «экстердин» зор армиясы пайда болду. Бирок көзгө көрүнөөрлүк, жыргаткан бир чоң иш жасалган жок.  Мамлекеттик кызматтар парламенттеги партбосстор арасында кадимки устукан тараткандай эле бөлүштүрүлдү го. Айрым министрлер түздөн-түз баш ийген жетекчиси премьер-министрге эмес, кызмат берген партия лидеринин сөзүн угуп, чыныгы анархия болду. Андай болгон эмес деп кимибиз так кесе айта алабыз? Партиялык коррупция тууралуу айтсак, ал өзүнчө арман. Былтыр 2019-жылы августта ЖК депутаты Дастан Бекешов: «парламенттик шайлоодо партиянын алдыңкы ондугуна кирүү үчүн жок эле дегенде 300 миң доллар сурашат. Эгер коомчулукка анча таанымал эмес адам болсо, андан 1 миллион долларга чейин беришиң керек» – дегени бар. Анын бул сөздөрүн дагы бир жаш депутат Марлен Маматалиев бышыктап: «быйылкы парламенттик шайлоодо партиянын алдыңкы тизмесине киргендер 500 миң, 1 миллион доллар беришкен» – деп атпайбы. Мынакей парламенттик башкаруунун анык жүзү. Ал талапкерлер миллион долларды жөн эле берген жок да. Беш жылдык депутаттык ишмердүүлүгүндө берген акчасын он эселеп кайрып алаары турган иш эмеспи.

      Президенттик башкаруу – артка кетүү, авторитаризмге карай жол деп ач айкырык салгандар кечээги күндөргө бир кылчайып койсо болмок. Бешинчи дагы, алтынчы дагы, туулбай жатып туна чөккөн жетинчи чакырылыштагы парламенттин негизги өзөгүн президенттер кураган. Президенттин айтканы айткан, дегени деген болду го. Анан кайдагы парламентаризмге жаныбыз ачып жатат? Кызыгы, президенттик башкарууга караманча каршылыгын билдирип жаткандар негизинен Батыштын ар кандай долбоорлору менен шугулданып жүргөндөр, бейөкмөтчүлөр экенин байкасак болот. Эгер алар айткандай президенттик башкаруу анчалык коркунучтуу, кооптуу болсо ошол эле бейөкмөтчүлөрүбүздүн башкы каржылык демөөрчүсү саналган АКШда президенттик башкаруунун классикалык үлгүсү канча кылымдан бери жакшынакай эле өкүм сүрүп келе жатат. Бул учурду да эске алып койгонубуз ашыктык кылбас. Балким, АКШнын көзүн караган НПОчулар үчүн биздеги башаламан, хаостук абал пайдалуураактыр. Ал эми Кыргызстан үчүн алдыга жылып, өнүгүп-өсүү үчүн жоопкерчиликти бир киши алганы учурдун эң туура чечими. Авторитаризм, диктатура тобокелчиликтерин албетте эске албай  коюууга болбойт. Бирок 3 революцияны баштан өткөргөн кыргызстандыктарга күч жана өкүм-зордук өтпөй турганын мезгил өзү далилдеди. Ак Үйдү курчаган темир кашаалардын алынып салынышы  –  элдин каары, жалпы журттун каалоосуна эч кандай бийлик, эч кандай күч туруштук бере албастыгын мойнуна алган ишарат, символикалык кадам катары бааласак болот.

Арзыматова Айнура, тарых илимдеринин доктору, саясат таануучу

«Буга чейин бизде чыныгы президенттик башкаруу болгон эмес, үй бүлөлүк-кландык башкаруу болгон»

- Конституциялык реформа азыркы учурдагы эң актуалдуу маселе. Президенттик башкаруу системасына кайтканыбыз туура кадам. Негизи эле Кыргызстанда буга чейин таза, чыныгы президенттик башкаруу болгон эмес. Акаевдин дагы, Бакиевдин дагы башкаруусу үй-бүлөлүк кландык болгон. Президенттик башкаруу өзүнүн чыныгы, нукура түрүндө эң мыкты башкаруу формасы. 2010-жылдагы Апрель революциясынан кийин «аа президенттик башкаруу начар турбайбы» деп автоматтык түрдө парламенттик бийликке өтүп алдык. Башкаруу формабызды өзгөртүп алсак эле, баары жакшы болот, баардык көйгөй өзүнөн өзү чечилет деп ойлошкон да. Бирок бизде парламентаризмге өтүүгө шартыбыз жок болчу. Партиялык атаандаштык, партиялык түзүлүш деген таптакыр жок эле да. Иш жүзүндө эмнени көрдүк? Базаркомдордун партияларын көрдүк. 10 жыл бою ошолор өз билгенин кылды го. Азыр айрымдар түшүнүп-түшүнбөй эле жөн эле кыйкырып жатышат. Демократияны талкалашты, парламентаризмди өлтүргөнү жатат деп. А параламенттик формага кандай кырдаалда, кандай учурда өткөндүгүбүздү да унутпашыбыз керек. Эсиңерде бардыр, 2010-жылы май айы Чүйдө, июнда Ош, Жалал-Абадда улуттар аралык жаңжал болуп, элдин конституциялык реформаны талкуулаганга эмес, укканга маанайы жок болчу. 150 кишиден турган эксперттер чампалап отуруп, жаңы конституцияны жазып коюшту. Анда мамлекетке, улуттук баалуулуктарга каршы беренелер, жоболор кирип кеткенин кийин көрдүк го. Демек, ал башкаруу, ал конституция анчалык деле элдин ичин күйгүзүп, жүрөгүн оорутчу нерсе эмес.

       Максат Сабиров, ЖК депутаты

«Конституциялык реформа боюнча кызуу талкуу башталды. Бул жакшы көрүнүш»

Жаңы Конституциянын жаңы долбоору сунуш кылынды. Талкуу башталды. Каршы чыгып жаткандар бар, колдогондор да көп. Ошентип жалпы эл менен кеңешип, анан бир кесели деп жатпайбызбы. Акыркы варианты ушул, ушуну менен жашайбыз деген жокпуз да. Негизи жоопкерчиликти бирөө албаса болбойт. Же Президент толук албайт же парламентибиз ыргылжың болуп кейпи бул. Азыр түшкөн сунуш, пикирлерди кылдаттык менен изилдейбиз. Таразалайбыз. Бир ай бою эксперттик коомчулуктун, мыкты юристтердин, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн, жөнөкөй элдин пикирин угабыз. Алымча, кошумча сөзсүз болот. Азыркыдай ач айкырык, куу сүрөөн менен кызуу талкуу болуп жатканы өтө жакшы көрүнүш. Негизи Президенттин, Өкмөттүн аппараты бириктирилгени жатат. Бул жакшы нерсе. Президент авторитаризмге бет албашы үчүн сот системасына, прокуратурага, БШКга президенттин квотасы, кишиси, өкүлү дегендерди жок кылганы турабыз. Курултай боюнча да чоң маселе кылып, чачын жулуп жаткандарга айтаар элем, бул да болсо демократиянын орчундуу бөлүгү. Элдик курултайдын делегаттары өлкөбүздүн булуң-бурчунан бир жылда бир чогулуп, өлкө жетекчилигине сындарын, сунуштарын айтышат. Алыска аймактарда кандай иштер болуп жатканын көп учурда билинбей, элдин үнү жетпей калып атпайбы. Элдик курултайдын өкүлдөрү эч кандай айлык акы алышпайт, бирок алардын сунуштарына, сындарына бийлик тарабынан милдеттүү түрдө реакция жасалат. Бул мыйзам менен бекитилет. Анан да баягы дежурлар топтолуп албашы үчүн Элдик курултайдын делегаттарын туура тандоо жагы кылдат каралат.

ЭРЛАН АЗЫКОВ

URL: https://kyr.bulak.kg/show/13889