Чек арадагы чексиз санаа

Эгемендикке ээ болгон күндөн тартып чек ара көйгөйү көпчүлүктү кыжалат кылып келет. Жыл сайын алыскы аймактарда жашаган карапайым журттун тынчын алган нерсе – Чек ара!

Ар бир күндү түпөйүл болуп өткөрүү, түндөн эсен-аман чыксак экен деген билинбеген санаа, жаш муундардын эртеңки келечек тагдыры тууралуу түйшөлүү – чек арага чектеш жайгашкан айыл-кыштактардагы ар бир тургундун көкөйүнө көк таштай тийип келет. Коңшулаш Тажикстан жана Өзбекстан мамлекеттери менен жанаша жайгашкан карапайым журтубуз отуз жылдан бери чыр-чатактардан деле тажагандай болду. Буга дейре жооптуу кызматта олтургандар маселени тереңден талдап, жергиликтүү тургундардын ички арыз-муңун угуп, коңшу өлкөлөр менен ийри олтуруп, түз кеңешип – чечкиндүү кадамдарга барганда, мындай жан кейиткен көрүнүштөр орун албайт эле.

Маселенин тек-жайы бардыгыбыз баамдап тургандай жеке кызыкчылык, жең ичинен баюу, бажы тармагындагы алешемдиктер, контрабанданын тамыры кенен жайылгандыгында!

Үстүбүздөгү жылдын 2-ноябрь күнү Президенттин жана премьер-министрдин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Баткен аймагында болгон эл менен жолугушууда Чек ара тууралуу берилген суроолорго жооп берип жатып, мындан ары Чек ара кызматы УКМКнын курамына кошулат деген. 2020-жылдын 14-ноябрь күнү өз милдетин аяктаар алдында  Садыр Жапаров мамлекеттик Чек ара кызматын – Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Комитетинин курамына кошуу үчүн токтомго кол коюп берип кетти. Аталган токтомго ылайык, эми УКМКнын Чек ара кызматынын жетекчиси катары аталган комитеттин төрагасынын биринчи орун басары көзөмөлгө алмакчы. Токтомдо белгиленгендей, УКМКнын Чек ара кызматы ордо калаабыз Бишкекте жайгашып, чек араны кайтарууга алуу тутумун күчтөндүрүп, чектеш өлкөлөрдөн мамлекетибиздин аймагына товар, жүк, баңгизат жана куралдардын мыйзамсыз алып келинишине каршы күрөшүүдө натыйжалуулугун арттырмакчы.

Коңшулаш Өзбекстан менен чек ара маселесин чечүү жоопкерчилигин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өз мойнуна алды. Жаңыдан УКМК курамына кошулган Чек ара кызматынын иштерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө бир ай аралык мезгил бар. Саясат таануучу Игорь Шестаков Чек ара кызматынын УКМК курамына кошулуусун туура кадам болду деп белгилейт.

ИГОРЬ ШЕСТАКОВ,

Саясат таануучу:

Буга чейин президенттин жана премьер-министрдин милдетин аткарып аткан Садыр Жапаров алыскы аймактарды кыдырып жүрүп, ал жакта жашашкан элдин жүрөк ооруткан орчундуу көйгөйү чек ара экенин, дегеле буга чейин канча жылдан бери канкакшап айтылып да, жазылып да келаткан оор нерсе эч эле чечилбей келгенин жакшы билген. Ушундан улам алгач эле Баткендеги жолугушууда Чек ара кызматы мындан ары УКМК курамына кошулуп, талаш маселелер чечилет деди. Менимче, муну менен бажы тармагындагы башаламандыктар, паракорлукка, контрабандага да бөгөт коюлуп, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети өз көзөмөлүнө алаар деп терең ишенем.

Буга чейин коомчулукта коррупцияга каршы күрөштү улантам деп бир топ тоскоолдуктарга туш келген Финансы полициясынын мурдагы кызматкери, учурда белгилүү серепчи Русланбек Умаров Чек ара кызматы дегендин өзү коопсуздукту түшүндүрөт. Өлкөдө жарандар бейпил турмушта жашап, коопсуздугу корголушу керек дейт.

РУСЛАНБЕК УМАРОВ,

Финансы полициясынын экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн мурдагы начальниги:

Айлананы караңыздарчы, чек арада эмнелер гана болгон жок!? Бизде баары эле ээн-эркин кирип-чыгып жүрүшөт. Арасында кылмышкерлери да бар, каалаган учурда чыгып кетет, кааласа кире берет. Чек ара кызматы тээ илгери Коопсуздук комитетинин курамында турган кезде азыркыдай башаламандыктар жок, кантсе да тартип бар болчу. Эгер Чек ара кызматы УКМКнын курамына кирсе, бир чети коопсуздукка да көңүл бурулуп, экинчи жагы баңгизаттарды айлантып аткандарга каршы күрөш башталып, мыйзамсыз товар жүгүртүүлөр тыйылып, контрабандага бөгөттөр коюлмак. Чек ара кызматынын өз алдынча мамлекеттик кызматка айланганы, түркүн окуялар орун алып келди. Жең ичинен баюу, контрабанда, баңгизаттарды алып кирүү, экстремисттик топтордун агылып кирип атышы, кылмышкерлердин ээн-эркин кирип чыгып атышынын себеби да дал ушунда болчу. Чек арада деген катуу көзөмөл, темирдей тартип керек. Муну менен катар УКМК эми коомчулуктун тынчын алган, экономикабызды артка тарткан көрүнүштөргө каршы туруп, көзөмөлдү күчөтүү менен жарандарыбыздын коопсуздугун да колго алат. Бул чечим эң туура болду!     

Белгилүү коомдук ишмер Жолборс Жоробековдун пикири боюнча Чек ара кызматынынын УКМК курамына кошулуусун жөндүү деп баса белгилейт, бирок, ошону менен катар дагы да терең ойлоно турчу жагдайлар бар экенин кошумчалайт.

ЖОЛБОРС ЖОРОБЕКОВ,

Коомдук ишмер:

Канчалаган жылдардан бери такталбай келген чек арадагы маселелерди чечүү үчүн акыры бир чечкиндүү иш-аракеттер керек болчу. Чек ара кызматыбыздын УКМК курамына киришин туура эле кабыл алдым. Ошол эле маалда бир нерсени эске ала жүргөнүбүз эп. Маселен, коңшулаш мамлекеттердин Чек ара кызматтары өзүлөрүнүн Коопсуздук комитеттерине кошулду беле же жокпу? Кокус, чек араларды тактоодо жана ал жактагы көйгөйлөргө баа берүүдө сүйлөшүүлөргө Чек ара кызматынан деп бизден УКМК жетекчилиги барабы? Алар кандай кабылдайт, муну да ойлонушубуз кажет...

УКМКнын курамына жаңыдан кошулган Чек ара кызматы эми буга чейин отуз жылдап такталбай келген чек арадагы демаркация жана делимитациялоо көйгөйлөрүн оң чечип, өлкөнү көздүн карегиндей сактоого, диний-экстремисттик топтордун агылып киришине бөгөт болуп, мамлекеттин бүтүндүгү үчүн кызмат өтөөгө тийиш. Мындан тышкары, эми УКМКнын мойнуна артылган дагы бир жооптуу милдет, экономикага да тийиштүү. Мыйзамсыз кирген товарларга, контрабандага каршы айыгышкан күрөштү жүргүзүп, чек араны чычкан мурду жөргөлөгүс кылып кайтарууга алуунун өзү – кубаттуу экономиканы жаратмакчы. Чек араны коргоодо Советтер Союзунун учурундагы жетишкендиктердин бири – дал ушул биз айтып аткан Чек ара кызматы КГБнын ички курамында болгондугунда эле.

ЭСЕНТУР АЛИЕВ

URL: https://kyr.bulak.kg/show/13895