Курсан Асановдун бийликти басып алуу жөнүндө сүйлөшкөн сөздөрү социалдык тармакка жарыяланды. Аудио

0

Социалдык тармакта Ички Иштер министринин экс-орун басары Курсан Асанов менен Толубай Банкынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Алмаз Сарыбаевдин сүйлөшүүсүнүн аудио жазуусу пайда болду.

Аудионун автору сүйлөшүү бийликти куралдуу күч менен басып алууну пландаштыруу жөнүндө болуп жатканын билдирген.

Аудиодогу сүйлөшүүнүн сапаты начар болгондуктан даана угулган эмес, бирок автор элге жеткиликтүү болуш үчүн кээ бир фразалар менен титрларды кошкон.

Курсан Асанов сөз арасында ЖКнын депутаты Жанар Акаевди айтып, ал андан куралдын бар-жогун тактап сураган.

Алмаз Сарыбаев сүйлөшүүдө Чалдовар менен Токмоктон элди чогулта алам деген.

Жактоочунун айтымында, Асанов ИИМге суракка “интернетте тарап жаткан фейк маалыматка” байланыштуу күбө катары чакырылып, сурактан бир нече саат өткөндөн кийин кармалган.

Бул тууралуу  анын адвокаты Таалайгүл Токтакунова төмөнкүлөрдү билдирген.

"Жазык кодексинин "Бийликти күч менен басып алуу" деген 309-беренеси. Курсан Асанов бирөө менен сүйлөшүптүр деген фейк маалымат бүгүн "Фейсбукта" жүргөн. Ошонун негизинде. Мен эртең менен бул тууралуу укканда Курсан Асановго милицияга арыз менен кайрылыш керектигин айткам. Себеби контексттен үзүлүп алынган жасалма тасма экен. Анан эле өзүн суракка чакырып калышты да жаап коюшту".

 Эске сала кетсек, ИИМдин Тергөө комитети Жазык кодексинин 309-беренеси боюнча ("Бийликти күч менен басып алуу") сотко чейинки өндүрүштү баштагандыгы кабарланган. 

 

URL: https://bulak.kg/kyr/show/18181