Атамбаев, Акаев жана Асанов бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп шектелүүдө. Булак

0

Алмазбек Атамбаев, Жанар Акаев жана Курсан Асановдор бийликти басып алууну көздөшкөн. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына Коопсуздук органдарынын кызматкерлери билдиришти.

Алардын маалыматы боюнча, Алмазбек Атамбаев, Курсан Асанов жана Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевдин биргелешип бийликти басып алууну уюштуруп жүргөнү аныкталган.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин тергөө кызматы курал колдонуу менен бийликти күч менен басып алууга аракет кылгандардын иши каттоого алынган.

Милициянын генерал-майору Курсан Асановдун кызыкчылыгын коргоп жаткан адвокат Икрамидин Айткулов Kaktus.media сайтына билдиргендей, чынында эле анын кардары "Бийликти күч менен басып алуу" беренеси боюнча айыпталууда.

"Иште Асанов менен бирге Алмазбек Атамбаев, Жанар Акаев жана башка адамдар көрсөтүлүүдө. Учурда Асановдун үйүндө тинтүү иштери жүрүп жатат", - деди адвокат Айткулов.

URL: https://kyr.bulak.kg/show/18183