Омар муктаж үй-бүлөнү көмүр менен камсыз кылды

0

Белгилүү ырчы Омар "Элим барсыңбы?" кайрымдуулук фонду тарабынан уюштурулган "Жылуулук тартуулаңыз" акцияга катышып, муктаж үй-бүлөнү көмүр менен камсыз кылды.

"Элибизде аттын кашкасындай белгилүү кайрымдуу өнөр ээси Омар байкебиз "Жылуулук тартуулаңыз" акциябызга катышып, муктаж үй-бүлөнү көмүр менен камсыз кылды. Ушул күнгө чейин да көптөгөн кайрымдуулуктарды кылып келген Омардын боорукерлигин баса белгилеп, кылган жакшылык ишин башкаларга өрнөк катары коомчулукка жарыялоону туура көрдүк. Эгерде сиз дагы акциябызга катышып, муктаж үй-бүлөлөргө жылуулук тартуу кылгыңыз келсе, байланышыңыз: 0772 00 20 15", - деп айтылат маалыматта.

URL: https://kyr.bulak.kg/show/2265