Сак болуңуз! Ош-Бишкек жолунда кар көчкү түшүү коркунучу жогору

0

2017-жылдын 29-декабрына чейин жаап өткөн жана туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунун 121-138-чакырымдарында жана Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайынын ичиндеги 198-265-чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 65-97-чакырымдарында, Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-9-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМи тарабынан 2017-жылдын 26-декабрында №02-34/942-Т телефонограммасы чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилди. Ошондой эле 2017-жылдын 26-декабрында КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан телерадио каналдарынын эфирин тартып алуу аркылуу жана уюлдук операторлордон СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалыматтар калкка жиберилген.

URL: https://kyr.bulak.kg/show/2377