Тогуз-Тородогу чыр: 3 аял үй камагына чыкты. Калгандары 2 айга камалды

0

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда «Джи Эл Макмал Девелопинг» ишканасынын имаратын өрттөөгө тиешеси бар делген 15 кишинин баш коргоо чарасы 17-апрель күнү каралды.

Сот кармалган 15 кишинин ичинен үч аялды үй камагына чыгарды.

Калган 12 киши СИЗО-1ге эки айга камакка алынды.

Эске салсак, кечээ алардын тарапташтары Ак  үйдүн алдында митинг өткөрүшүп, кармалгандарды бошотуп берүүнү талап кылган.

URL: https://kyr.bulak.kg/show/4569