Токтогулда 21 жаштагы бала бир жумадан бери дайынсыз

0

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда жаш бала дайынсыз жоголуп кеткен. Издө иштери үчүн 122 адам тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка таянсак, 21 жаштагы Чоң-Арык айылынын тургуну 11-апрелде үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Анын жакын туугандары 18-апрелде жардам сурап куткаруучуларга жана милицияга кайрылышкан.

Издөө иштерине ӨКМдин 11 куткаруучусу, 25 милиция кызматкери, 16 башка райондук ведомсвтонун кызматкерлери жана 70 жергиликтүү тургун тартылган.

URL: https://kyr.bulak.kg/show/4585