УКМК Айбек Калиевди камакка алды

0

"Улуттук энергетика холдинги компаниясынын" башкаруучулугунун төрагасы Айбек Калиев камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка таянсак, Калиев "Бишкек ТЭЦтин модернизациялоо" долбоорунун алкагында козголгон кылмыш иши боюнча шектүү катары кармалды. 

Учурда ал УКМКнын убактылуу коргоо жайына киргизилди.

URL: https://kyr.bulak.kg/show/4594