Окуучуга кол көтөргөн мугалим иштен кетүүгө арыз жазды (видео)

0

Бүгүн, интернет айдыңында Бишкектеги №20-мектепте окуучуну уруп жаткан мугалим тууралуу видео тарады. Видеону интернетке жүктөгөн автор окуя Бишкекте болгондугун баса белгилегени менен окурмандар көп ишене бербеген болчу.

Кийинчерээк, окуя чындыгында Бишкекте болгонун, ал мугалим буга чейин да балдарга кол көтөрүп келгенин аталган мектепте окуган балдардын ата-энелери айтып чыгышты.

Ал эми мугалим өз каалоосу менен кызматтан кетүүгө арыз жазганы маалым болду.

URL: https://kyr.bulak.kg/show/4597