“Жоо кеткенден кийин кылычыңды ташка чап”, - болбошубуз керек

0

“Жоо кеткенден кийин кылычыңды ташка чап”, - болбошубуз керек. Андыктан, алдын алуу иштерине олуттуу көңүл буруп, табигый кырсыктардан коргонгон сыяктуу эле тилсиз жоонун кесепеттеринен да сактанып, камсыздандыруу иштерине көңүл буруу кажет. Мындай пикири менен бөлүшүп, депутат Алмазбек Эргешов бүгүн, 18-апрелде “Парламент” радиосунун түз эфиринде болду.

Эл өкүлүнүн айтымында, ири соода жайларындагы өрттөн жабыркагандардын эсеби болжол менен 1,5 миң кишини түзүп, алды 15 млн. сомго чейинки чыгымга кабылган. 

Жогорку Кеңештин ордо калаанын Ош базарындагы жана Жалал – Абад шаарындагы базардагы өрттүн кесепеттерин жоюу багытында даярдап жаткан токтом долбоорунда насыя алган ишкерлердин кредиттик төлөмдөрүнө каникул берүү сунушу камтылууда, - дейт депутат.

КР Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык инспекциясынын өрт көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Таалайбек Өмүрзаков да түз эфирдин мейманы болуп бир топ маалыматтар менен бөлүштү.

“Берекет” жабык акционердик коому өткөн жылдын 8-февралында Мамлекеттикэкотехинспекция тарабынан текшерилип, 43 пункттан турган көрсөтмө берилген. Ошондой эле өрт коопсуздугунун эрежелери сакталбагандыгына байланыштуу Административдлик кодекстин 396-беренесине ылайык 50 миң сомдук айыппул салынган. Былтыркы жылдын берилген көрсөтмөлөрүнүн канчасы аткарылгандыгын кайра карап чыгууда дагы 18 пунктту аткаруу талабы жазылган экинчи ирет көрсөтмө берилген, - дейт КР Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык инспекциясынын өрт көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси.

Ушул үстүбүздөгү 2018 - жылдын 30-январда, 5-мартта, 13-апрелде Бишкек шаарындагы “Ош” базары соода-рыноктук комплексинин аймагында жана 13-апрелде Жалал-Абад шаарынын борбордук базарында болгон өрттөрдүн себептери жөнүндө маселе боюнча маалымат берип,  КР ӨКМдин жарандык коргонуу жана өрт коопсуздугу башкы башкармалыгынын өрттү өчүрүү бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Барганалиев да уктурууга катышты. Адистин белгилешинче, Ош базарындагы болгон биринчи өрт кырсыгынын залалдары иликтенип, ал такталбаган себептерден улам келип чыккан деген бүтүм чыгарылган.       

URL: https://kyr.bulak.kg/show/4598