Подполковник 13,5 кг наркотик менен кармалды

0

Баңгизат менен милициянын подполковниги кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка таянсак, 1968-жылы туулган М.М аттуу Тажикстандын жараны менен 1977-жылы туулган М.Н аттуу кыргыз жараны баңгизат менен кармалган. Тинтүү учурунда алардын жанынан 13,5 кг баңгизат табылган.

М.Н ИИМде иштей тургандыгы, подполковник чини бар экендиги аныкталган. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

ИИМ аталган кызматкерди кызматтык чининен ажыратуу маселесин карап жатат.

 

URL: https://kyr.bulak.kg/show/4600