Кылычбек Султанов Түштүк Кореяга элчи болуусу мүмкүн

0

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети Кыргыз Республикасынын Түштүк Кореядагы элчиси кызматына Кылычбек Султановдун талапкерлигин жактырды. Мындай чечим комитеттин бүгүнкү жыйынында кабыл алынды.

Султановдун Малайзияда элчи болуп турганда жасаган иштерин артыкчылык менен баалап, анын талапкерлигин колдоого алышканын "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев журналисттерге билдирди.

Депутаттын айтымында бул маселе комитетте жабык эшик артында каралган.

Эске салсак, Кылычбек Султанов "Ата Мекен" фракциясынын квотасы менен Малайзияга элчи болгон. Депутат Өмүрбек Текебаев камакка алынгандан кийин өз каалоосу менен кызматтан кеткен болчу.

 

URL: https://kyr.bulak.kg/show/696