Этно шаарчанын ачылыш аземи.Кырчынды чаңыткан 1200 өнөрпоз сүрөттө

0

3-сентябрь күнү “Кырчын” жайлоосундагы этношаарчанын ачылыш аземи болду. Анда “Хан ордонун” сахнасында “Көчмөндөрдүн алтын доору” аттуу театрлаштырылган оюн-зоок көрсөтүлүп кыргыздардын тарыхы жана улуттук салт-санаасы чагылдырылды.

Салтанаттуу аземди көрүүгө президент Сооронбай Жээнбеков жана Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан баштаган миңдеген жергиликтүү жана чет элдик коноктор келишти. 

Иш-чаранын башкы режиссеру жана көркөм жетекчиси Алтынбек Максүтовдун айтымында, машстабдуу оюн-зоокту коюуга республиканын бардык театрларынан чогулган 1200 өнөрпоз жана 200гө жакын каскадер катышкан. Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары 8-сентябрга чейин уланат. Спорттук мелдештер Чолпон-Атадагы ипподромдо, Ден соолуктуу чыңдоо борборунда, Евразия пансионатында жана “Кырчын” жайлоосунда өтөт. Ал эми маданий иш-чаралар Бостери айылындагы “Nomad” амфитеатрында жана Кырчында болмокчу.

Белгилей кетсек, Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарын Кыргызстан ушуну менен үчүнчү ирет өткөрүп жатат. Кийинки оюндардын эстафетасы Түркия мамлекетине тапшырылды.

URL: https://kyr.bulak.kg/show/7108