"Кийим-кече, азык түлүктөр күйгөн". Караколдогу "Ак-Тилек" базарынын өрттөн кийинки көрүнүшү

0

Каракол шаарындагы “Ак-Тилек” базарында өрт чыгып, жалпы 836 чарчы метр кийим-кече жана азык-түлүк товарлары күйүп кетти

 Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

2018-жылдын 17-сентябрь күнү саат 22:35те Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Карл Маркс жана Д.Дербишев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан “Ак-Тилек” базарында контейнерден өрт чыгып, азык-түлүк жана кийим-кече бар 8 контейнер өрттөнүп кеткен.


Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин Каракол шаардык №15 АӨКБдан 2 бөлүм, КР ӨКМнин Ак-Суу райондук №39 ӨКБдан 2 бөлүм тартылган. 


Тартылган күчтөрдүн жардамында 18-сентябрь күнү саат 00:20да өрт чектөөгө алынып, өрт саат 02:10до толук өчүрүлгөн. Жалпы аянты 836 м2 өрттөнгөн (8 контейнер кийим-кече жана азык-түлүк товарлары). Өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.

 

 

 

Сүрөттөр "Sputnik" сайтынан алынды

URL: https://kyr.bulak.kg/show/7322