Кыргызстанда кызылча оорусуна чалдыккандардын саны көбөйдү

0

Кыргызстанда жыл башынан бери кызылча оорусуна чалдыккандардын саны 429га жетти.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги белгиледи. Билдирүүдө Бишкек шаарында жана Чүй облусунда ооруга катталгандар көбөйгөнү белгиленет.

 

Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысованын “Азаттык” радиосуна кабарлашынча, Кыргызстанга кызылчага каршы эмдөө жүргүзүү үчүн 30 миң доза вакцина алынды.

- Ооругандардын көбү, 45% эмделбеген, бир жашка чейинки ымыркайлар болуп жатат. 5-6 жашка чейинки бир дозасын алган балдар ооруп жатат. Чоңдор арасында жана мектеп окуучулар арасында жок. Азыр бир жашка чейинки балдар сасык тумоо болсо үйундө кармап дарылабай, ооруканага алып барып жатышат. Ал жактан аба аркылуу кызылча жугуп жатат.

Ишанапысованын белгилешинче, ушул тапта Республикалык жугуштуу оорулар клиникасында 14 бала дарыланууда.

Ишенапысова 2017-жылдын декабрь айында кызылча оорусу Орусиядан келген мигранттардын балдарынан башталып, азыр аны жугузуп алгандар арбып бара жатканын белгиледи.

Буга чейин, 2015-жылы кызылчанын эпидемиясы күчөп, өлкөдө 800дөн ашуун киши ооруган

 

URL: https://kyr.bulak.kg/show/7405