Бишкекте айдоочу инспекторду коюп кетти

0

Бишкекте Жол коопсуздугу башкармалыгынын инспекторун кичи автобус коюп кетти. Автоунаанын соккусунан 10 метрдей учуп кеткен тартип сакчысы ооруканага жаткырылганын аталган башкармалыктын басма сөз кызматы кабарлады.

Окуя 1-октябрда саат тогуздан өткөндө болгон. Жабыркаган инспектордун шеригинин айтымында, милициянын старшинасы Султаналиев атайын сызыктан өтүп бараткан окуучуларга жардамдашуу максатында жолго чыккан учурда ылдам келаткан "Мерседес бенц" үлгүсүндөгү кичи автобус коюп кеткен. 

Кичи автобустун маңдайкы айнегине жарака кеткен.

URL: https://kyr.bulak.kg/show/7406