Коррупцияга каршы күрөштүн эсебине дагы 6 млндон ашык акча которулду

0
Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы жемкорлук менен күрөшүү үчүн ачылган Бирдиктүү депозиттик эсепке 6 миллиондон ашуун акча которду. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
 
Маалыматка караганда, июлдун башынан бери эсепке 172 миллион 659 миң сом которушту.
 
Белгилей кетсек, өткөн жумада УКМК 6 миллионго жакын каражат которгон болчу. Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, 12-сентябрга карата аталган эсепке жалпы 395 миллион 590 миң сом келип түшкөн.
 
URL: https://kyr.bulak.kg/show/7407