Жол кырсыгында 7 этникалык кыргыз каза тапты

0

Тажикстандын Жергетал аймагында жол кырсыгынан жети этникалык кыргыз набыт болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жергиликтүү башкармалыгы маалымдады.

Маалыматка ылайык, кырсык 30-сентябрда саат 22:10 чамасында болгон. Каза тапкан жарандар картошка казып, тоодон түшүп келе жатышкан. Айдоочу унааны башкара албай бийик жардан кулап түшкөн. Натыйжада, Темирбай Шарапов жана анын үч уулу, Насир Шарапов балдары менен каза тапкан. Булардан тышкары дагы беш жаран жаракат алып, алардын экөө оор абалда экени айтылууда.

Белгилей кетсек Тажикстанда жашаган этникалык кыргыздардын көпчүлүгү Жерге-Тал жана Мургаб райондорунда жашашат. Алардын саны 61 миңдин тегерегинде.

URL: https://kyr.bulak.kg/show/7410