Анжеликанын жаңы сүйүүсү кайрадан талкуу чордонунда (cүрөт)

0

Ырчы жана аткаруучу Анжелика кайрадан талкуу чордонуна түштү. Бул жолу ал жаңы сүйүктүүсү менен түшкөн сүрөтүн Instagram социалдык тармагындагы баракчасына жарыялап, күткөндөй эле ызы-чуу жарата алды.

Ал, белгизисз кишинин жанына түшүү менен анын бетин жаап койгон. 

Айрым булактарга караганда, Анжеликанын жаңы сүйүүсү - Кыргызпатенттин" мурдагы башчысы Марат Назаркулов.

Белгилей кетсек, буга чеийн Анжелика жаңы паспортунун сүрөтүн жарыялап атын өзгөрткөнүн ачыктаган. Экс-жолдошунун фамилиясында жүргөн Бекболиева Анжелика эми Кайратова болуп, документтерди которуп жүргөндүнүн билдирген.

 

URL: https://kyr.bulak.kg/show/7413