"Менин жүрөгүм бош эмес". Анжелика сүйүктүүсү тууралуу айтып берди

0

Ырчы жана аткаруучу Анжелика Кайратова өзүнүн Instagram социалдык тармагындагы баракчасында буга чейин белгисиз жигит менен турган сүрөтүн жарыялаган.

Дароо элдин талкуусуна алынган бул сүрөт боюнча түшүндүрмөнү андан ырчы журналисттердин суроосуна жооп берип жатып айтып берген.

 

Ажырашкан аялга ар кандай сөздөр дагы эмес, “көздөр”  дагы жабышат экен. Андыктан алардан коргонуу максатында жашоомдогу эң маанилүү киши, жан дүйнөмдүн коргоочусу бар экендигин билдирип коюуну туура көрдүм.

Ооба, жүрөгүмдүн ээси бар. А эмнеге болбосун?!

Жан дүйнөмдүн кулпуланган ачкычын таап, жылуу сөздөрүн арнап, мени ар-тараптан колдоп, дайыма жаныман чыкпай, көңүлүмдү алып турган жан шеригим бар экенин жашырбайм. Бирок, аты-жөнү ким? , кай жактын кулуну?, эмне менен алектенет?”,-деген суроолоруңуз болсо жооп бере албайм.

Анткени анын баарын айтуунун кажети жок деп ойлойм. Эң негизгиси түгөйүм менен биргемин. Насип кылса ушул адам менен өмүр бою кол кармашып, карылык доорун сүргүм келет

Ошондой эле, ырчы жеке жашоосун жарыялагысы келбейт экендигин дагы баса белгилеп өткөн.

 

“Жеке жашоомду эч кимге жарыялабай койойун деп чечтим. Жеке жашоо өз нугунда, баары жакшы”,- деген Анжелика

URL: https://kyr.bulak.kg/show/7421