Кыргызстан Казакстандан кирген тоок этине чектөө киргизди

0

 Казакстанда куш тумоосу жайылып атат деген шек менен Кыргызстан коңшу өлкөдөн келген  тоок этине чектөө киргизди. 

Билдирүүнү  Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, куш тумоосу Алматы облусундагы куш фабрикасынан жайыла баштады деген божомолдор бар. Чектөө бардык жагдай иликтөөдөн өткөнгө чейин киргизилет.

Тыюу салынган продукциялар:

— тирүү куштар (зоопарк менен цирктегилер дагы кирет), инкубация жолу менен алынган жумурткалар;

— тоок эти, меланж, альбумин, жумуртка порошогу;

— мамык, куштун канаттары;

— үй жаныбарлары үчүн куш этинен жасалган тоюттар, кошулмалар;

— тоок этин бөлүктөргө бөлгөн эски жабдыктар

URL: https://kyr.bulak.kg/show/7490