Эрте келген кыш. Таласта кар жаады

0

Талас облусунун, Талас районуун Үч-Эмчек айылында кар жаады.

 Видеону социалдык тармактын колдонуучулары жүктөп Govori.tv  сайты бөлүшкөн. 

Ошону менен катар, кыргызгидромет көпчүлүк аймактарда кар жаап, үшүк жүрөөрүн маалымдады.

1-12-октябрь күндөрү Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде 0…-2° үшүк, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда -1…-3° үшүк жүрөт. Мындай үшүк жыйнала элек жашылча-жемиштерге зыян тийгизет.

10-октябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2...7, күндүз 10...15,

Талас жергесинде түнкүсүн 1...6, күндүз 10...15,

Баткен облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 12...17,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 2...7, күндүз 11...16,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 1...6, күндүз 11...16,

Нарын облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 11...16,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -6...-11, күндүз 0...5 градус болот.

Бишкек шаарында жамгыр жаабайт. Түнкүсүн 5…7, күндүз 13…15 градус жылуу болот.

URL: https://kyr.bulak.kg/show/7497