Бекманбетов: Цирктеги ызы чууну маданият өкүлдөрү эмес, башка бирөөлөр уюштурууда

0

Кыргыз малекеттик циркинин эмгек жамааты Маданият министрлигинин мурунку орун басары Фархад Бекманбетовду сотко берүүгө камынышууда.

Цирк кызматкерлери “Ф.Бекманбетов маданий жайдын ушул абалга келишине бизди күнөөлөдө. Бизди күнөөлөгөнү үчүн сотко беребиз”,- дешти цирктин кызматкерлери.

Ал эми Фархад Бекманбетов сотко берсе коркпостугун билдирди. «Мындай ызы чуу иштерин цирктеги адамдар уюштурган жок. Мен маданият кызматкерлерин 20 жылдан бери жакшы билем. Бул иштерди башка бирөөлөр уюштуруп жатат», - деди Бекманбетов.

URL: https://kyr.bulak.kg/show/8058