Бразилиялык футболчу Дуглас Коста жол кырсыгына кабылды

0

Футбол боюнча Бразилия курама командасынын оюнчусу Дуглас Коста жол кырсыгына кабылды.Бул тууралуу La Stampa маалымат булагы кабарлады.

Коста Итиалиядагы Ливорно-Феррарис –Санти каттамында “Ceep Cherokee» унаасы менен кетип бара жатып “Fiat Punto” үлгүсүндөгү унааны сүзгөн. Жол кырсыгынан 47 жаштагы адам жабыркап ооруканага жеткирилген. Футболчу кырсыктан жараат алган эмес.

Дуглас Коста 29 жаштагы бразилиялык футболчу. Учурда Италиянын “Ювентус клубунда ойнойт.

URL: https://kyr.bulak.kg/show/8165