Токмоктогу ок атышуу боюнча милиция кызматкерлерине чара көрүлдү

0

Токмоктогу ок атышууга байланыштуу Октябрь РИИБнын 6 кызматкерине чара көрүлдү. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнын жетекчиси Сталбек Рахманов малымат жыйынында билдирди.

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев учурда иликтөө иштери жүрүп жаткандыгын кошумчалады.

Эске салсак, 25-январда Токмотогу чек ара пунктуна жакын жерде ок атышуу ок катталган. Ок атышкандар Токмок шаардык кеңешинин депутаты Кубан Кочкорбаев, Аскат Үсөнов жана Бактияр аттуу адам болгон. Чырдын себеби чек арадан мыйзамсыз күйүүчү майды өткөрүүдөн келип чыккан.

URL: https://kyr.bulak.kg/show/8168