Алмазбек Атамбаев Дубайдан Кыргызстанга кайтып келди

0

Экс президент Алмазбек Атамбаев Бириккен Араб Эмиратынан кайтып келди. Бир жума мурда үй-бүлөсү менен эс алууга кеткен. Бул тууралуу КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Маалыматка ылайык, Атамбаев бир жума мурда Дубайга кеткен. Кечээ, түнү Кыргызстанга кайтып келген.

 Эске салсак, Атамбаев Кыргызстандан качып кетти деген маалыматтар тараган. КСДПнын өкүлү экс-президент качпай турганын билдирген.

URL: https://kyr.bulak.kg/show/8169