Экстремистик материалдарды социалдык тармактар аркылуу жайылтып жүргөн адам кармалды

0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын кызматкерлери террордук топтун мүчөсү С.А. аттуу Кыргызстандын жаранын кармашты. Кылмышка шектүү социалдык тармактар аркылуу экстремистик материалдарды жайылытып турган. Ошондой эле чет өлкөлүк жарандарга жасалма документ жасап берген. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын негизинде террордук кылмыштар жана жасалма документ жасоо боюнча шектелип, из жашырып жүргөн С.А. аттуу адам  чет өлкөдөн кармалды.

Азыркы тапта УКМКнын тергөө абагына камалды. Учурда териштирүү иш-чаралары жүрүүдө.

URL: https://kyr.bulak.kg/show/8170