Өрттүн айынан бир үй-бүлөнүн беш баласы каза болду

0

3-февралда Астананын Сарыкара районунда турак жай өрттөнүп  бир үй-бүлөнүн беш баласы каза болду. Бул тууралуу казак басылмалары жазды.

Маалыматка ылайык, балдардын ата-энеси түнкү нөөмөттө иштешчү. Үйдо беш баласы калган. Балдардын улуусу 12 жашта болсо, кичүүсү  бир жашка чыга элек ымыркай болгон. Өрттүн кесепетинен уктап жаткан беш бала каза болгон.

Өрт түнкү сатт 02:30дар чамасында тутанып, үй толугу менен күйүп кеткен.

URL: https://kyr.bulak.kg/show/8171