Багам аралында 28 адам сууга чөгүп каза тапты

0

Багам аралынан гаитилик мигранттарды ташып бара жаткан кайык сууга чөгүп кетип 28 адам каза болду. Бул тууралу Хаберлер маалымат булагы жазды.

АКШнын жана Багам аралдарынын куткаруучулары кырсык болгон жерде издөө иштерин баштаган.

Суудан 28 жансыз адамдын сөөгү чыгарылган. Ал эми 17 киши куткарылган.

Эске салсак, Гаитинин экономикалык абалы начар болгондуктан көпчүлүгү чет жакка чыгууга аргасыз болушат.

URL: https://kyr.bulak.kg/show/8172