Манас аэропортунда бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат түшүп, издөө иштери жүрүүдө (видео)

0

Бүгүн, “Манас” Эл аралык аэпортуна бомба коюлду деген маалымат келип түшүп, элдер коопсуз жайга чыгарылышкан. Бул тууралуу “Манас” аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, учурда аба каттамдары токтотулган жок. Окуя болгон жерге ИИМдин УКМКнын кызматкерлери чыгып кетишти. Азыркы тапта бомба делген шектүү зат изделүүдө.

Окуя болгон жерге ИИМ менен УКМКнын кызматкерлери чыгып кетти. Учурда шектүү буюмду издөө иштери улантылууда.

URL: https://kyr.bulak.kg/show/8175